Президенттик балатыга аткаминерлердин эмес, карапайым калктын балдары катышат

Президенттик жаңы жылдык балатыга катышуучулардын тизмесине балдарды кошуу боюнча администрацияга көптөгөн жеке өтүнүчтөр келип жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.