Президент министрлерди «өз адамдарын» дайындоого кысымды токтотууга чакырды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын шайланып келген депутаттарынын ант берүү аземинде сөз сүйлөп, министрлерди «өз адамдарын» дайындоого кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырды.