Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Ага парламенттин жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 87 депутаттын ичинен 84 депутат «макул», 3 депутат «каршы» добуш берди. Ал VIII чакырылыштын биринчи сессиясында шайланды. Эске сала кетсек, Тургунбек уулу мурунку чакырылыштын төрагасы болуп иштеген.