22-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдар аралыгындагы Чоң-Ашуу ашуусуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.