Садыр Жапаровго Санкт-Петербургда Лев Толстой атындагы тынчтык сыйлыгы ыйгарылды

Кыргыстандын президенти Садыр Жапаровго Лев Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу салтанаттуу аземи Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусунда өттү.