КРВИ жана сасык тумоо мезгили. Кыргызстандагы 44 мектеп онлайн окутууга өттү

Кыргызстанда 15-21-декабрь жумасында курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 22 192 учуру катталган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 24.kg маалымат агенттигине билдирди.