Жаңы жылга карата айыл чарба жарманкеси 26-декабрдан тартып, күн сайын өтөт

Кыргыстандын борбору тургундарды жана конокторду ар кандай айыл чарба жарманкелери менен кубантууда. Ар дем алыш күндөрү Раззакова жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Турдакун Усубалиев аянтында (Эски аянт) жарманке өткөрүлүп, анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген айыл чарба азыктары көрсөтүлөт. Жарманке жаңы жыл алдында, 2025-жылдын 26-декабрынан 31-декабрына чейин узартылган график менен өтөт.