Борбор калаада жыйырма жаңы мектеп куруу пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында Бишкекте жана анын чет жакаларында билим берүү мекемелерин куруу зарылдыгы тууралуу парламенттик суроо-талапка жооп берип жатып билдирди.