2025-жылдын III чейрегинде Кыргызстандагы 800дөн ашык бала үй-бүлө тапты

2025-жылдын III чейрегинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган балдар менен иштөө боюнча олуттуу натыйжаларга жетишкенин билдирди. Кварталдын жыйынтыгына ылайык, 492 бала камкордукка берилсе, 370 бала улуттук асыроого өткөрүлдү, дагы 2 бала чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынды.