Бүгүн Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Жаңы жыл майрамына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары 2026-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.