ЖККББ Жаңы жыл түнүндө канча мас айдоочу кармалганын айтты
Жаңы жыл түнүндө Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандыгы үчүн 75 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматы билдирди.