Жаңы жыл түнүндө Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандыгы үчүн 75 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматы билдирди.