Майлуу-Суу лампа заводу: Министрлер кабинетинин көчмө жыйынында эмне чечилди?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Жалал-Абад облусунда «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун маселелерине байланыштуу жеринде көчмө жыйын болуп өттү.