Ысык-Көлдөн миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылды

Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы туристтик-экологиялык милиция менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.