Садыр Жапаров: «12 жылдык билим берүүгө өтүү — мезгил талабы»

12 жылдык билим берүүгө өтүү — мезгил талабы. Президент Садыр Жапаров бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде Элдик курултайда мектептердин жетишсиздиги эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири экендиги жана бул 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуубу деген суроого жооп берип жатып билдирди.