Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектинин бир бөлүгү жол кыймылы үчүн ачылды
Жөө жүргүнчүлөр үчүн төрт жер астындагы өтмөк курулуп бүткөндөн кийин Чыңгыз Айтматов проспектинин Семетей көчөсүнөн Масалиев проспектисине чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.