Ырчы Насыйкат Баймырзаеванын операциясы үчүн акча каражаты топтолду

Бишкек шаарынын мэри Насыйкат Баймырзаеванын операциясы үчүн жетишпеген каражатты жабууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу мэр Айбек Джунушалиев Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Насыйкат Баймырзаевага колдоо ирээтинде уюштурулган кайрымдуулук концертинде айтты.