«Кыргызфильмдин» тасмаларын уруксатсыз пайдаланууга тыюу салынат

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын тасмаларын автордук укук ээсинин макулдугусуз колдонууга жана таратууга тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.