Sportico: Криштиану Роналду 2025-жылдын эң көп акы төлөнүүчү спортчусу аталды

Америкалык беделдүү спорт жана бизнес басылмасы Sportico 2025-жылга карата дүйнөдөгү эң көп акы төлөнүүчү спортчулардын рейтингин жарыялады. Рейтингдин сап башына үчүнчү жыл катары менен португалиялык футболчу жана беш жолку «Алтын топтун» ээси Криштиану Роналду чыкты. Анын 2025-жылдагы кирешеси 260 миллион долларды түзгөн, анын ичинде 200 миллион доллары «Аль-Наср» клубунан жана 60 миллион доллары талаадан тышкаркы кирешесинен түшкөн.