Шашылыш билдирүү! Бийик тоолуу унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

15-январдан 18-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.