Былтыр Бишкектеги тамактануу жайларына 23,3 миллион сом айып пул салынган

Бишкектеги тамактануучу жайларга 2025-жыл үчүн 23,3 миллион сом айып пул салынган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.