Коюу тумандан улам «Манас» аба майданында төрт каттам токтотулду

Коюу тумандан улам «Манас» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинде көрүү аралыгы 400 метрден 800 метрге чейин чектелген. Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, төрт каттам жокко чыгарылды.