Садыр Жапаров Ширшов боюнча жооп берди: «Эң башкысы мамлекетке пайда алып келүү»

Алексей Ширшов темасы коомчулукта кайрадан көтөрүлүп, анын Москвадагы жолугушууга катышуусу талкуу жаратты. Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген комментарийинде бийлик анын маалыматын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатканын билдирди.