Электр энергиясына кагаз төлөмдөр алынгандан кийин 40 тонна кагаз үнөмдөлгөн

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында кагаз электр энергиясына эсеп-дүмүрчөктөр алынып салынгандан бери 40 тонна кагаз үнөмдөлгөнүн жарыялады.