Бүгүн, 26-февралда «Рерих: Сулуулуктун жарчысы. Устат, Устаттын уулу» көргөзмөсү ачылат. Ал Николай Рерихтин Борбордук Азияга экспедициясынын 100 жылдыгына жана Рерихтердин Эл аралык борборунун (Москва) негиздөөчүсү Людмила Шапошникованын 100 жылдыгына арналган. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи билдирди.