1-апрелден тарта унааларды кайра каттоо онлайн жүргүзүлөт
Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта унаалар «Түндүк» тиркемеси аркылуу каттоодон онлайн өтө башташат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев «Унаа» кызматынын Ош шаарындагы борборуна барган учурда билдирди.