Сауд Арабиясындагы Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын начарлашына байланыштуу дипломатиялык миссия күчөтүлгөн деңгээлде иштеп жатканын билдирди. Ал президенттин жана Тышкы иштер министрлигинин көрсөтмөсү менен Падышачылыктагы кыргыз жарандарынын коопсуздугу дайыма көзөмөлдөнүп тураарын кошумчалады.