Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Эгембердиева «Антикино» мекемелерин жабууга чакырды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Айрым мыйзам актыларына (Жарандык процесстик кодекске, Балдар кодексине жана Жарнама жөнүндө мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.