Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын бардык жуптары аныкталды

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыккан сегиз команданын баары аныкталды. «Барселона» 1/8 финалдын экинчи беттешинде «Ньюкасл» командасын 7:2 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алды. Биринчи беттеште 1:0 эсебинде жеңилген «Ливерпуль» «Галатасарай» командасын 4:0 эсебинде жеңди.