Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

Бүгүн, 19-мартта саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.