Кыргызстанда миңден ашык ветеринар жетишпейт

Кыргызстанга бир миңден ашык ветеринар жетишпейт. Бул тууралуу Биринчи радиодо Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Ветеринардык кызматынын, мал чарбасын өнүктүрүүнүн, жайыттардын жана тоюттун эпизоотиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Абай Казаков билдирди.