«Булак» акысыз мобилдик тиркемеси ЖРТга даярданууга жардам берет

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестке даярдануу үчүн «Булак» аттуу акысыз мобилдик тиркеме ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта маалымат жыйынында билим берүү министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдирди.