Кыргызстанга 9,5 миң куту тамекини мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасалды

«Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктунда рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.