ИА 24
Бишкекте 18-апрелден 19-апрелге чейин «Динамо» спорттук комплексинин базасында самбо боюнча эл аралык мелдеш өттү. Иш-чара СССРдин самбо жана дзюдо боюнча спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, экстра-класстагы эл аралык категориядагы калыс Николай Михайловдун жаркын элесине арналды. Бул тууралуу Самбо федерациясы билдирди.
Go to News Site